Нерв чарчады. Көлгө палас жуумай, “зордуктады”, “атып салды”, “кыргызчага түшүнбөйм” - бири бирин каралоо, алдуусу алсызын басмырлоо. Репрессия жылдары бири бирин каралоо менен көп адамдар курман болушкан. Дал ошол кездегидей туюм. Жалган жалаа менен кармалып, бейкүнөө өлгөндөрдүн саны канча? Ак сунган кыргыз калбай баратат. Бир көчө биригип тойго камылга көрчүбүз, биригип кийиз басчубуз. Азыр бийик коргон. Коңшунаңа эшик такылдатып кирип калдык. Көчөдөгү бир түп алма баарыбызга жетээр эле. Азыр коруп, эч кимге бербей калдык.
Көрө албастык өлкөнү аңга түртөт. Башка улуттар өнүгүүнүн жолуна түшкөн. Биз таш дооруна бараткандай сезилебиз. Айылда бир аксакал бар. Күрүч эгет. Күздө актатканда коңшу - колоңдорго кичинеден берип чыгат, ооз тийгиле деп. Мына пейил. Бирөө айткан эле. “Бир жолу бирөөлөр менен аш жеп калдым, - дейт, - Отургандардын бирөөсү чоң иште иштейт экен. Ошол адам тамак алдыга келгенде “эшиктин илмегин илип койгула, бирөө кирип келбесин” десе болобу. Мынча ач көз, мынча ичи тар деп ойлоп калдым”, - дейт. Бул пейил.
Жан дүйнөбүздү кантип тазартсак болот?
Ынтымактуу элдер бар. Айылында колунда жок кембагал адамга дүкөн ачып беришип, башка дүкөндөрдөн соода кылышпай, ошол кембагалдан соода кылып, бутуна тургузуп, байытышканын көргөмүн. Бизде кембагалдын эптеп салып алган үйүн сүрдүрүп, балдарынын көз жашын төгүп жатабыз. Кудай бар үстүбүздө. Жооп беребиз. Пендени алдаган менен Кудайды алдай албайбыз.
Жан дүйнөбүз ушунчалык кирдептир. Бул жашоого бир эле келебиз. Татыктуу жашайлы. Пейилибизди оңдойлу. Кийинки муундарга үлгү бололу. Пейил кандан канга өтөт. “Атасынын пейили баласында бар экен” дегенге жеткирбейли. “Апасынын чатак пейили бар эле” дегенге жеткирбейли.
Баары колубузда, оңдосок болот. Көңүлдүү калтырбайлы! Ынтымакка келгиле!
Рыспай Дүйшеев