Печать
Категория: Коом
Просмотров: 239

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Усубалиев менен Рысбай Аматов борбор калаадагы райондордун аталыштарын өзгөртүү жөнүндө демилге менен чыгышты. Алар Биринчи май районун - Турдакун Усубалиев; Сверрдлов районун - Чыңгыз Айтматов; Октябрь районун - Сүймөнкул Чокморов, Ленин районун -  Абсамат  Масалиев же Исхак Раззаков  деп атоону сунушташууда. Чындыгында бул эбак бышып жетип, атүгүл белгилүү деңгээлде тургундардын түшүнбөстүгүн, нааразылыгын жарата баштаган маселе. Коммунисттик системанын кыйраганына 31 жыл болду. Көз карандысыздыкта эки муун жаралды. Мурдагы Союзга кирген республикалардын басымдуу көпчүлүгүндө коммунисттик, советтик атрибутикалар, аталыштар калбады. КМШга кирген өлкөлөрдө өз борбор калаасындагы же ири шаарындагы райондордун баарында советтик  символикаларды калтырган бир да республика жок.

Кыргызстандын кайра жаралуусунда Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын, советтик бийликтин ролу абдан чоң, ал талашсыз. Эгерде компартия, совет бийлиги болбосо, кыргыздардын 1916-жылдагы геноцидден аман калгандары өздөрүнчө мамлекет курмак түгүл,  баштары бирикпей  падышалык Россиянын 4 губерниясында  чачылып жүрүп, башка элдерге сиңишип, жок болмок. Алардын арасында ашып кетсе азыркы кыпчак, найман дегендей уруунун деңгээлиндеги аттары гана калып, тилинен, маданиятынан, иденттүүлүгүнөн биротоло ажырамак. Бирок, эмне деген менен мезгил өттү, тарыхыбыздын жаңы этабы башталды. Борбор калаабыздагы райондордун баарын советтик символикалар менен атап отура бергидей биз коммунисттик идеологиянын же советтик бийликтин бешиги эмеспиз.

Биздин оюбузча, Лениндин ысмы борбор калаада түбөлүккө калуусу зарыл. Анткени, Лениндин революциясы болбосо, биз мамлекеттигибиздин алгачкы формасына ээ боло алмак эмеспиз. Мурдагы Союзда 1922-жылы алгачкы республикаларды, автономияларды түзгөндө Саясый Бюродо  эки пикир жаралган. Ленин өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткенге чейинки саясый укугу бар социалисттик республикаларды, автономияларды түзүүнү сунуш кылса, Сталин маданий автономияга гана ээ, саясый өз алдынчалыгы жок, административдик бирдиктердин түзүмүн  жактаган. Чындыгында ал гениалдуу көрөгөчтүгү менен Лениндин варианты акыр аягында Союздун кыйроосуна алып келерин билген. Анткен менен өз вариантын өткөргөнгө бийлиги, таасири жеткен эмес. Бирок, 1952-1953-жылдарда Союзду реформалоонун планын тымызын даярдай баштаган, анын бир далили катары 1952-жылы октябрда Саясый Бюронун курамынын санын 35ке жеткиргенин, жер-жерлердеги биринчи бийликти 1-катчылардан алып, совминдердин төрагаларына өткөрүү аракети башталганын  айтса болот. Сталиндин андай планын айланасындагылар билип, андан тезирээк кутулууга аракет кылышкан. Ал башка чоң сөз, предметибизге кайрылсак, акырында Лениндин категориялуу талабы менен “бөлүнүп чыгып кеткенге чейин укугу бар” делген союздук республикалар түзүлгөн. Же биздин мамлекеттигибиздин 1924-жылдагы алгачкы формасынын автору - В.И. Ленин. Ошондуктан Ленин районунун аталышы озгөртүлбөшү керек. Кандай саясый коньюнктуралык кырдаалдар жаралып, оргу-баргы тарыхчылар не мифтерди чүргөшпөсүн, биз тарыхый чындыктан тайгыбыз келбесе,  Лениндин алдында түбөлүккө карыз экенибизди эч качан эсибизден чыгарбообуз зарыл.

Биринчи май районуна Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү сунушу туура. Аны жаман көргөндөр да аз эмес, бирок Бишкекти шаарга айландырган Усубалиев экени чындык. Ленин районуна А.Масалиевдин же И.Раззаковдун ысмын ыйгаруу туура эмес. А.Масалиев өмүр бою коммунисттик идеологиядан  тайбады, Ленинге пайгамбардай сыйынып жүрүп өттү. Эгерде Лениндин ордуна өзүнүн ысмы берилгенин билсе, анын арбагы деле бизге ыраазы болбойт. Анын үстүнө ал эл алдында аты бир районго берилгидей эмгек кылган эмес. Москваны гана карап отурду, аларга жагам деп жүрүп колдогу кызматын да жеп-жутканды гана ойлогон желмогуздарга алдырды. Анын ысмын Киев көчөсүнө берсе деле жетишет.

Исхак Раззаков жетиштүү эле баркталды, бир университетке, бир шаарга ысмы берилди. Сүймөнкул Чокморовду дүйнөгө таанымал артист кылган ким? Болот Шамшиев менен Төлөмүш Океев. Тилекке каршы, бул экөөсү тирүүндө да жетиштүү баркталбады, көздөрү өткөндөн бери эскерилбей да калышты. Жусуп Абдрахмановдун ысмына Бишкектеги негизги көчөлөрдүн бири коюлган. Ошол жетишет. Ал мамлекеттин башында турган эмес, азыркыча айтканда Министрлер кабинетинин гана жетекчиси болгон. Ал убакта баардык маселелерди БКнын 1-катчысы чечкен. Ал эми Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун ысмын берүү жөнүндө сунушту колдойбуз. Ал улуу жазуучу, ойчул гана эмес, 5 ирет СССР Жогорку Советине, 7 жолу республикалык парламентке шайланган, СССРдин Президенттик кеңешинин мүчөсү, көп жылдар бою элчилик кызматты да аткарган мурдагы Союздук деңгээлдеги чоң саясый жана мамлекеттик ишмер да болгон.

Биз өзүбүздөн чыккандарды алыбыз жетишинче барктап, эскерген менен башка улуттардан чыккандарга манкурттук кылуудабыз. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндө анын башында М.Д.Каменский турган, жогорку бийликтеги эрегишкен эки топтун бүтпөгөн жаңжалдарынан  улам бир жылдан кийин кызматынан айдалган. Баарын айтпайлы, А.В.Вагов, Н.С.Боголюбов баштаган дагы бир катар жетекчилер да Кыргызстандын өсүп өнүгү­шүнө чоң салымдарын кошушкан.  Тарыхый маалыматтарга караган­да,кылымдар тогошуп жатканда  жыйырма жылга жакын  Пишпекке ста­роста болгон И.Ф.Терентьев маданий-агартуучулук чоң иштерди аткар­ган. Булардын ысымдары бери дегенде бирден көчөгө татыктуу. Ал эми Октябрь районуна М.В.Фрунзенин ысмы берилсе, тарыхый чындык ордун тапмак. Анын ысмы менен борбор калаабыз 66 жыл  аталып келди, чыныгы кайра жаралуу ошол учурда болду. Эл үчүн эсте каларлык бир нерсе жасабай, жогорудагылардын кирпиктери менен айланып,  он жылдап бир кызматта отурганы үчүн эле, туугандарынын сүрөгүндө  райондорго, чоң көчөлөргө аттарын коё бербөө керек. Эл үчүн, мамлекет үчүн эмне жасады? Ушул гана негизги сын-ченем болушу керек. Анан борбор калаа жалпы элге тийиштүү болгон соң Бишкектеги административдик түзүмдөрдүн аталыштарынын тагдырлары шаардын депутаттарынын гана эмес, жалпы республиканын коомчулугунун пикирлери эске алынуу менен чечилүүсү зарыл. Анткени, Бишкек - катардагы көп шаарлардын бири эмес, мамлекеттигибиздин символу, өлкөбүздүн жүзү, бренди, Демек, анын ээси шаардын бир ууч депутаттары эмес, жалпы эл.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити