Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрүнүн аймактарда эл менен жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 7-июлда башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушуп жатат.
Жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында прокуратура органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди.
Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын 500гө чукул тургуну катышууда.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрине аймактарга чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу боюнча тапшырма берген.