Печать
Категория: Коом
Просмотров: 738

- Бакыт мырза, Туйгуналы Абдраимов келтирген чыгымдарын калыбына келтирип, камактан чыкканы туура эле болдубу?

- Албетте, туура болду.  Эми элге кызматын жасай бериши керек.

- Айрым учурда президент кызматынан кетиши керек деген маселелер көтөрүлө калып жатат, буга кандай карайсыз?

- 15 жыл Акаевге чыдап, 2 жыл иштеген Жапаровду эмнеге шаштырып жатат деген суроо дароо пайда болду. Экинчиден, чын эле Садыр Жапаров өтө көп жоопкерчиликти мойнуна жүктөп алды. Балким ошо жүктү көтөрө албайбы деген мааниде айтып жаткандыр. Бирок Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен кардиналдуу реформаларды баштап жиберишти, бакыйган кризис-менеджер Акылбек Жапаровду өкмөт башчылыгына дайындап, ишкерлер менен жалпы эл менен 30 жылда жылбаган проблемаларды чечип, жаңы экономикалык моделди киргизүүдө. Эки жыл албетте жетиштүү эмес ошол үчүн кеминде 10 жыл керек. Эгерде жаңы президент келсе кайра эле башынан баштаганга мажбур болобуз.  Коррупционерлерге улам президенттер алмаша бергени  ыңгайлуу. Ошон үчүн анда мында, элдин башын айлантып, бийлик алмашат деген сөздөрдү чыгарып коюп жатышса керек.

- Айтмакчы, мурда 30 жолу себепсиз ишке келбеген депутаттар мандатынан ажырачу. Азыркы жаңы регламент боюнча  депутаттар 10 күн ишке себепсиз келбесе мандатынан ажырайт экен. Бул нерсе депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатабы же спикерге көз каранды кылып коёбу?

- Жаңы регламент боюнча 10 күн ишке себепсиз келбесе мандатынан ажырайт деген норма  депутаттын жана анын аркасында турган калдайган шайлоочулардын укугуе тебелеп калат. Айтайын дегеним, мындай шартта депутат кадимки чиновникке айланып, элдин пикирин талаша албайт. Анткени, "жакпаган маселе көтөрө берсем, спикер ыңгайын таап жумуштан кууп жиберет" деп кооптонуп калышат. Жыйынтыгында, элдин маселеси анчалык көтөрүлбөй калат. Чынында депутат Кудайга, шайлоочуларга жана өзүнүн аң сезимине гана баш ийиши керек, андай болбосо өнүкпөйбүз.