22-июнда КРнын парламенти кумар оюндары же казинолор жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Президент кол койсо, ал мыйзам иштей баштайт. Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан демилгеленип, талкууланып жатканда каршы пикирлер көп айтылган, азыр да айтылууда. Атүгүл айрымдар мыйзам долбоорун жактап добуш берген депутаттардын тизмесин социалдык тармактарга чыгарышып, аларды ислам динине, элге каршы иш жасаган бузукулар катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Алар бул маселени да ашкере саясатташтырып, андан упай топтоону көздөшүүүдө. Чындыгында мында саясатташтыргыдай, шариат менен кагыштыргыдай эч нерсе жок.
Биз Өкмөттүн бул демилгесин колдой турганыбызды мурда билдирип, акыбалыбыз жеткенче аргументтештиргенбиз. Парламенттин бул чечимин да колдойбуз. Эмне үчүн?
Парламент цивилдүү дүйнөдө катардагы көрүнүштөй эбак легалдаштырган, адам пендесинин бир өнөкөтүндөй кабылданган нерсени гана легалдаштырды. Кумар оюндары советтик мезгилде деле жашыруун ойнолуп келген, ага айрым жогорку деңгээлдеги партиялык, мамлекеттик чиновниктер аралашып жүргөнү эл арасында айтылып келет. Андайлар азыр парламенттин өзүндө да бар. Айрымдар атасынан калгандарды ѳзү тапкандар менен кошо баарын кумарга уттуруп, бирок ошол эле убакытта адалсынып, элге акыл үйрөтүп жүрөт. Кумар оюндары токтосун деген чечим чыгарылса деле ал биротоло токтоп калбайт, тымызын ар жерлерде ойноло берет. “Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегендей, аны жашыргандан көрө ачыкка чыгарып, аны көзөмөлдөп, тийиштүү пайдасын мамлекеттин капчыгына түшүрүп, аны менен бюджеттин жыртык-тешиктерин бүтөгөн оң.
АКШ жаралгандан бери кумар оюндары деле болуп келатат, азыр бир нече курорттук шаарлар казинолорго адистештирилген. Лас-Вегастын өзүнөн эле мамлекет жыл сайын 40 миллиард доллар пайда көрөт дешүүдө. Ал жерлерге кимдер кааласа мүмкүнчүлүгү болсо кирип, кумар ойной берет. Андан АКШнын элинин көпчүлүгү кумарпоз болуп кеткен жок. Ал эми парламент кабыл алган мыйзам долбоорунда казинолорду атайын шарттары бар мейманканаларда, ресторандарда чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн гана ачууга уруксат берилет. Андай жерлерге Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Анда анын бизге кандай зыяны бар? Алар АКШга, Кавказга баргандан көрө бизге келип, кирешелеринин бир бөлүгүн калтырып кеткени жакшы эмеспи. Айрым Түштүк-Чыгыш Азиядагы Тайланд сыяктуу өлкөлөр секс туризмди деле өнүктүрүп жатышат.
Айрым оппоненттердин: кумарчылык шариятка ылайык келбейт, эгерде казинолор иштей баштаса, эл арасында кумарпоздордун сандары артып, банкротко учурап, өз жандарын кыйгандар көбөйөт деген сыяктуу аргументтери суу кечпейт. Исламдын ордосу делген араб өлкөлөрүнүн шейхтери өз байлыктарын Батыштын супер либералдуу өлкөлөрүндө чачышат. Алардын эмнелерге чачышарын айтпай эле коёлу. Биз шарият менен эмес, мыйзамдар менен жашаган лайыктык өлкөбүз. Биз үчүн арабдарда үлгү болгудай нерселер аз, географиялык, климаттык жана менталдык шарттарыбыз таптакыр башкача. Ал эми Кыргызстанда суицидди биротоло токтотобуз дегендер биринчи кезекте кредиттерди берүүнү токтотуулары керек. Анткени, жер-жерлерде кредиттерин төлөй албай үй-жайларынан, жерлеринен ажырап, эрди-катындар ажырашып, балдары орто жолдо калып, өз жандарын кыйгандар жүздөп саналат. Эгерде ишенбесеңер Акүйдө аркы-беркини айтып, элдин башын айландырып, өзүңөрдүн да биртке акылыңарга күч келтирип жүрө бербей жер-жерлерге барып сураштыргыла. Кредиттердин айынан жоготууларга, трагедияларга учурагандарды баардык айылдардан табасыңар. Айрым менчик банктар эпсиз үстөк пайыздары менен ондогон жылдардан бери элдин канын кара чаар жыландай соруп келатышат. Эл деп кыйкыргандан жадабаган, талбаган депутаттар эмне үчүн аларды байкашпайт, айткылары келишпейт?
Президент жакында “Кабарга” берген интервьюсунда Адахан Мадумаров спикер, анан Мамлекеттик катчы болуп турганда казинолор жөнүндө биринчи мыйзам кабыл алынганда бир ооз каршы сүйлөбөстөн тескерисинче колдоп, өткөргөнүн айтты. Анда эмнеге азыр каршы чыкты, фракциясын добуш берүүгө да катыштырбады? Же андан бери казинолордун маани-мазмуну өзгөрдүбү же Мадумаров Меккеге зыяратка барып, шейх-уль-исламдарга кол берип, аппак кожо болуп келдиби? Жок. Ал мурда жан үрөп колдогонуна бүгүн каршы чыгып, пенде атпайда сейрек кездешчү эки жүздүүлүгүн гана көрсөтүп атат.
Мындан 20-25 жыл мурдагыга салыштырганда арак-шараптардын түрлөрү, көлөмү он эселеп көбөйдү. Бирок, арак ичкендер тескерисинче азайып баратат. Демек, аракечтик, кумарчылык адамдын жекече сапаттарына гана байланыштуу факторлордон. Элдин турмушу жакшырган сайын социалдык дарттар, терс көрүнүштөр акырындап өзүнөн өзү азая берет.
Акылбек Жапаров убагында ХИПИКти колдогону эң туура демилге болчу. Анын аркасы менен жүздөгөн миллион долларлык карыздарыбызды жокко чыгартмакпыз. Бирок, ошондо да “элге канчалык жаман болсо, бизге ошончолук жакшы” деген кутумдар айгайлап каршы чыгышып, аны үзгүлтүккө учуратышкан. Бул жолу андай болбошу керек. Бир гана маселе, казинолордун кирешелеринин тийиштүү бөлүктөрү жашырылбастан толук бюджетке түшүрүлө турган механизмди таап, киргизүү зарыл. Антпесе,бизде жашырганга көнгөндөр үйрөнгөн адаттарына түшүшсө Акылбек байкебиз убада кылгандардын ондон бири да бюджетке түшпөсүн бөркүңүздөрдөй көрсөңүздөр болот.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити