Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгуналы Абдраимов үй камагына 1-июлда чыгарылган. Ал ушул жылдын май айынын башталышында кызмат абалын ашкере пайдаланууга шектелип, кармалган. 30-июнга чейин УКМКнын абагында кармалып турган. 

УКМКнын маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Абдраимов кылган иштерине өкүнүп, моюнуна алган. Жоопкерчиликти жумшартуу үчүн 11,2 гектар жер тилкесин, Ысык-Ата курортунун аймагындагы конок үйүн мамлекеттин эсебине өткөргөн. Ошондой эле, 15,3 миллион сом өлчөмүндөгү каражатты зыяндын ордун толтуруу үчүн өлкөгө кайтарган. 

Туйгуналы Абдраимовдун келтирген чыгымды казынага төлөп, абактан чыгышын жарандык активист Мирбек Маниясов туура деп эсептээрин билдирди. 

"Президент Садыр Жапаров буга чейин "казынаны, элди тоногондордун жүздөрү ачылса аларды камап, анысы аз келгенсип түрмөдө чыгым кылып, тамак-аш берип бакканда эмне пайда. Андан көрө уурдагандарын өкмөткө кайтарып беришин талап кылышыбыз керек" дегендей оюн билдирген. Мен ажобуздун бул демилгесин колдойм. Киши өлтүрбөгөндөн кийин  эркиндикке чыга берсин", - дейт жарандык активист.