Печать
Категория: Коом
Просмотров: 277

Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту.

Жологушууда Министрлер Кабинети 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатууну пландап жатканын Бакыт Төрөбаев билдирди.

"1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлдү. 1-июлдан баштап жөлөкпулдар 50 пайызга жогорулайт. Ал эми 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт.

Экономиканын алты айдын ичиндеги көрсөткүчтөрү жакшы. Быйылкы жылы киреше 403 миллиард сомду түзөт деп пландаганбыз. Божомолдор боюнча жыл аягына чейин бул көрсөткүч жогору болот», - деди ал.

Жергиликтүү тургундар бир катар маселелерди айтышып, Министрлер Кабинетинен ыкчам чечип берүүнү суранышты. Алар: отуз миңге жакын калкы бар Кетмен-Төбө айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүн ачуу, Токтогул районунда туризмди өнүктүрүү, ага ылайык инфраструктураны туристтерге ылайыктап шарт түзүү, суу маселеси, жер маселеси, жайыт маселеси жана ишкерликти өнүктүрүү.