Мелис Аспековго карата Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечимин Бишкек шаардык соту өзгөрттү.
Бишкек шаардык сотунан кабарлашкандай, Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок соттун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага карата жаза чыгарылган эмес. Активист 6 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.
Эске салсак, Мелис Аспеков алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча айыпталган жана Биринчи май райондук соттун чечими менен 7 жылга эркинен ажыратылган болчу.