Печать
Категория: Коом
Просмотров: 204

Кыргызстандагы аялдарды жана балдарды коргоо милдетин артынган кризистик борборлор жана фонддордун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан болчу. Алар мамлекет башчысына наристелерге жана аялдарга зордук-зомбулук күчөп баратканын айтышып, бул боюнча чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышкан. Кайрылуу боюнча президенттин администрациясы билдирүү таратты. 

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өлкөнүн балдарын коргоо жалпы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун маанилүү приоритети экенин билдирет. Муну Мамлекет башчысы бир нече жолу белгилеген.

Белгилей кетчү нерсе, айрым кейиштүү окуялар бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын гана айгинелейт.

Учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы жана бул стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо боюнча программасынын долбоору иштелип чыккан. Анын ичинде, учурда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө үчүн социалдык кызматкерлердин кошумча штаттык бирдиктерин киргизүү маселеси иштелип чыгууда.

Балдарга карата зордук-зомбулук маселелери Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, бул багыттагы иштер боюнча өлкө Президенти Садыр Жапаровго өз убагында маалымат берилери белгиленет", - деп айтылат билдирүүдө.