Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

Мэрдин айтымында, мындай чечим шаардыктардын өтүнүчүн эске алып кабыл алынды. Ал элдин «көпчүлүгү жол кирени накталай эмес төлөмгө өтүүгө берилген мөөнөттө“Тулпар” картасын алганга жетишкен эмес», —деп белгиледи.

«Ошондой эле коомдук транспортко дифференцияланган тарифти киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлганы бул чечимге да таасир эткен, аны кабыл алуу менен муниципалитет жарандардын суроо-талаптарын эске алуу менен электрондук төлөм системасын жакшыраак ишке киргизе алат», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан тышкары ноябрда борбор калаанын коомдук транспортунун кыймылдуу курамын жаңылоо күтүлүп жатканы да кабарланды.

Эске салсак, буга чейин 18-майда мэрия 2022-жылдын 1-июлунан тартып муниципалдык троллейбус жана автобустарда накталай төлөм жоюларын эскерткен.

Мэриядан мындан ары муниципалдык транспортто жол акысы «Тулпар» электрондук системасы аркылуу накталай эмес алынарын айтышкан. Алардын маалыматына ылайык, швейцариялык «BPC AG» компаниясы иштеп чыккан система быйыл 1-июлдан тартып толук ишке кирмек.

Стандарттуу, көк түстөгү карталар «Кыргызпочтасынын» бөлүмдөрүндө, «О!», MegaCom жана Beeline мобилдик операторлорунун кеңселеринде сатылат, ошондой эле аларды муниципалдык автобус жана троллейбустардын айдоочуларынан сатып алса болот. Карта 50 сом турат.

Бишкек мэриясы мындай кадамы менен коомдук транспортто жүргүнчүлөр төлөгөн жол кире акысын толук бойдон бюджетке түшүрүүнү көздөп жатат. Анткени көпчүлүк айдоочулар пландан ашыкча акчаны сол чөнтөгүнө солоп алышат экен.

Булак: “Майдан. kg” гезити