Печать
Категория: Коом
Просмотров: 330

Мындан бир нече ай мурда мугалимдердин маянасы 50-70%га көтөрүлөт деп айтылганда көпчүлүгүбүз ишенген эмеспиз. Качан гана мектеп мугалимдери өздөрү алды 50 миң сомго чейин маяна алышып, ошол акчасын тутамдап колго кармап сүрөткө түшүп, анысын социалдык тармактарга жүктөгөндө гана бийликтин бул убадасын чын экендигине көзүбүз жеткен.

Бирок андан кийин айрым сынчылар эми мугалимдердин отпускасын төлөй албай калат деп чыгышкан. Себеби мугалимдер отпускага чыкканда үч айлык маянасын чогуу алышат эмеспи. Жакында Министрлер Кабинети бул убадасын да аткарып, оппозициялык сынчылардын бул “каалоо-тилектери” да таш каап отурат. Анткени мектеп мугалимдери эмгек өргүүсүнө чыгаар алдында 75-100 миң сомдон маяна алышууда.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.

Мындан тышкары А. Жапаров салык кызматкерлеринин  салымы менен мугалимдердин айлыгы кыйла өскөнүн белгиледи.

"Жакынкы күндөрү мугалимдер эмгек өргүүсүн алышат. Интернеттен алыскы Тогуз-Торо районунда 100 миң сомго жакын, башталгыч класстын мугалими 75 миң сом алганын окуп жатам. Карапайым эл мурун мындай акча албаганын айтып ыраазы болушууда", - деди ал.

Эми бийлик декабрь айынан баштап мектеп жетекчилигинин айлыгын көтөрүүнү пландап жатыптыр. ЖОЖдордун окутуучуларынын да маянасы 50%дан кем эмес жогорулады. Мындан тышкары күзгө чейин баардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы да көтөрүлө тургандыгын мамлекет башчыбыз жакында өзү сүйүнчүлөдү. Ылайым эле ошондой болсун. Себеби ар бир мамлекеттик же жеке менчик ишкананын кызматкери үй-бүлөсүн бакканга жете турган маяна алганда гана жан дили менен иштейт эмеспи.

Булак: “Майдан. kg” гезити