- Рамазан агай, карындашын коргоп, ок чыгарып алган адамдын карындашы президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды. Бул иш боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жатат. Бири кандай болбосун кылмыш болду десе, экинчиси сот адилет чечим чыгарып, ок чыгарууга аргасыз болгонун эске алышы керек дешет. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
- Негизи карындашын коргоп, ок чыгарууга аргасыз болгон адамды камап койгону туура эмес болуп калды. Айтайын дегеним, аны камоо зөөкүрчүлүктү коргогонго окшошуп калды. Ансыз деле зөөкүрлөр көп болуп, аялзаты жакшы корголбой жатат. Анын айынан мамлекетибиз эл аралык чөйрөдө сындалып жатат. Муну мамлекет башындагылар эске алышы керек. Ошондой эле, бардык эркектер намыскөй болуп, аял кишинин намысын бийик коюшу керек. Мыйзамдар да ошого ылайыкталышы, багытталышы зарыл. Сөзүм куру болбош үчүн бир мисал келтирейин. 1997-жылы Америкага барып, визит учурунда түрмөгө бардым. Түрмөнүн шартын көрүү үчүн. Келбеттүү бир сулуу кыз камактагы адамдарга тамак таратып жүрөт. Мен таң калып, жанымда жүргөн түрмөнүн кызматкерине тигил кызга бирөө -жарым тийишсе эмне болот деп суроо бердим. “Америкада аял кишинин намысы эң жогору турат. Эгер бирөө - жарым туура эмес мамиле кылса, аны өлтүрүп салышат. Ошон үчүн эч ким тийбейт", - деп жооп берди. Бизде да аялдын укугу, намысы жогорку деңгээлде корголушу керек. Анткени, аялзаты сүйүктүү жар, келечектеги эне, тукум улоочу. Ошон үчүн бардык жагынан алардын укугу жогору болушу керек.
- Баса, ал кызды милиция кызматкерлери зордуктап жүргөн деген маалыматтар ачыкка чыга баштады. Эми ал милицияларды кандай жаза күтүшү керек?
- Эгер милиция кызматкерлери кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өспүрүм кызды зордуктап жүрүшкөн болсо, Кылмыш жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен жазага тартыш керек. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү ушундай ишке аралашканы өкүнүчтүү. Буларга аёо болбошу керек. Ошондой эле жазадан куткарылбай, ал кызматкерлер эле эмес. жетекчилери да кызматтан кетиши керек. Коомчулук да көзөмөлдү күчөтүп, талапты катуулатышы керек. Болбосо, мындай жийиркеничтүү окуялар боло берет.
- Мындай окуялардын чыгышынын себеби эмнеде?
- Кадрдын туура тандалбаганында. Ошондой эле кайдыгерликте. Жана укук коргоо органдарынын өз ишин так аткарбаганында. Ошон үчүн ошого себепкерлердин баары жазаланышы керек. Камакка алынган шектүүлөрдүн жазадан куткарылам деп чогулткан түрдүү документтери жаратылбашы керек. Алар колу менен кылганды мойну менен тартышы керек.