Демейде берекелүү Ош шаары бир эле меймандостугу менен эмес, арзан жана даамдуу тамак-ашы менен да сыймыктанып, алыс-жакындан барган конокторду өзүнө тартып турат. Бирок “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, өткөн жумада «Манас-Ата» кафесиндеги интернетке тарап кеткен антисанитариялык абал көпчүлүгүбүздүн көңүлүбүздү кайтарып койду. “Не сахар” долбоору тарабынан тартылган ал тасмада кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева журналистти ашканасына киргизбегендиги аз келгенсип, “өзбек тилинде гапир, милдеттүүсүң...”,- деп, аз жерден улуттар аралык ынтымакка да доо кетирип коё жаздады.
Аталган кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына дароо чакыртылып, окуя боюнча суракка алынган. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматынан бошотулгандыгын айткан. Анын айткан сөзүнө дагы атайын экспертиза дайындалды. Ошентип, бул окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, жаңжалга түздөн-түз катыштыгы бар жарандардын жоруктарына дагы тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.
Ошол эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мекендештерин бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну ырбаткан, жарандардын улутуна жана жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырды.
Ош мэриясынын акыркы маалыматы боюнча, “Манас-Ата” кафесинин иши токтотулуп, суусу жана электр энергиясы да кыркылыптыр. Шаар башчысы бул окуядан кийин атайын чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү коомдук жайларды текшерүүчү мекемелердин жетекчилерине каттуу сын айтты жана баардык коомдук тамактануучу жайларды текшерип чыгуу тапшырмасын берди.
Булак: “Майдан. kg” гезити