Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

1-июль күнү Токмок шаарына жакын аймакта белгисиз таксист машинасына отурган келинге зомбулук көрсөтүп, андан соң карындашына болушуу үчүн келген агасы аны кокусунан атып салды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 1-июлда эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган. Натыйжада ал адам ошол жерде каза болгон.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынып, 36 жаштагы шектүү Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Ал эми зомбулукка кабылган  А.Ж. окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сурады. Бул туурасында ал мындай деп жазды:

"Мен эч качан мындай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Менин үй-бүлөмө абдан кыйын болуп жатат. Күндөгүдөй эле эртең менен саат 7:45 чамасында үйдөн чыккам. Жолдо өтүп бара жаткан унааны тосуп түштүм. Рулда 40-45 жаштардагы киши болчу. Ал бир нече метр жүрүп, ылдамдыгын кескин жогорулатып, унаадагы музыканын үнүн катуулатты. Жолдон чыгып, кант заводун көздөй жөнөдү. “Жибек” кафе же дүкөндөн бурулгандан кийин дароо артын карады.

Мен анын артында отурган элем. Ал кийимдеримди жулмалап, мени кармалай баштады. Мен абдан корктум. Эч нерсе деп айта албай калдым. Жада калса кыйкырганга да чамам болгон жок. Ал мен жакка отуруп, тамекиге окшош бир нерсе сунду. Мен андан баш тарттым. Ал аны күйгүзүп баштаганда унаадан качып чыгууга үлгүрдүм. Мени жолдо келе жаткан биринчи унаа салып кетти", - деп жазган ал.

Анын айтымына караганда, экинчи унаанын айдоочусуна окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, жардам сураган.

"Мен жолдошума чалгандан коркуп, агама чалдым. Унаада айдоочудан башка дагы бир аял бар болчу. Мен 3 балам менен карганып, ал адамды тааныбай турганымды айтып жардам сурадым. Ошол убакта бизди кууп келе жаткан адам жетип келип, унаанын арткы эшигин ачты да мени уруп-согуп, чачымдан сүйрөп баштады. Жанымда отурган аял болгону сыртка чыгып, башка унаа тосуп кеткенге шашты. Айдоочу да жардам берген жок. "Аны унаадан түшүр, өзүңөр чечип алгыла" деп койду. Ошол учурда агам келип калды. Ал күтпөгөн жерден байкабай мени сабап жаткан адамды травматикалык тапанча менен атып алды. Тиги адам да ошол жерден каза тапты.

Агам менин таянычым. Ал менин намысымды коргоду. Эгер агам болбогондо эмне болот эле билбейм. Бардык кайдыгер эмес жарандардан суранам. Муну колдон келишинче бөлүшүп, менин үй-бүлөмө колдоо көрсөтүңүздөр. Биз абдан силердин жардамыңарга муктаж болуп турабыз. Мындай окуяга эч ким дуушар болбосун", - деп жазып калтырган ал.

Булак: “Майдан. kg” гезити