Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында, УКМК иш чараларды жүргүзүүнү улантып жатат. Анын негизинде, 4-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.Мнын жогорку билими тууралуу диплому жасалма экени аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча аталган судьяга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.
Такталгандай, 2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.