Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 48 учуру катталды. Алардын ичинде 43ү - Бишкекте.
Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган, алардын абалы орто.
Аныкталган учурлардын арасында 9у сырттан келгендер (РФ, Түркия, Өзбекстан, АКШ).
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 27-июндан 3-июлга чейин өткөн жумага караганда 19 учурга көп аныкталган.
Аймактар боюнча:
Бишкек ш. – 43
Чүй облусу – 4
Ош ш. – 1.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 201 101 адам бул инфекцияны жугузган.
ЭМДӨӨ – өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дан коргоонун эң ишенимдүү жана эң натыйжалуу жолу.
- Категория: Коом
- Просмотров: 84