13 жаштагы кызды зордуктаган милиционерлер жана башка кылмышкерлер өтө оор жаза алышы керек. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Аларды өлүм жазасына тартуу керек эле, бирок бизде өлүм жазасы жок. Айрыкча эрезеге жете электердин иши боюнча инспекторду катаал жазалоо керек, ал баланы коргошу керек болчу. Мындай окуядан кийин эрезеге жете электердин иши боюнча инспекторлордун баарын адистигине татыктуу же татыктуу эместигин, психологиялык абалын текшериш кажет.
А биз депутаттар эрезеге жете электерди зордуктоо боюнча максималдуу катаал жоопкерчиликти киргиздик, кылмыш жоопкерчилигинен качып кетүү мүмкүнчүлүгүн алып салдык. Мындай кылмышкерлер эми ырайым ала алышпайт, амнистия аркылуу эркиндикке чыгышпайт. Бул мыйзам долбоорун 30-июнда кабыл алдык, учурда Президентке жиберилди", - деп жазды депутат.
Ошондой эле, ал Министрлер Кабинети мектептерге зомбулукка каршы күрөшүү боюнча сабактарды киргизип, анда зомбулук эмне экенин окуучуларга түшүндүрүп, күрөшүү жолдорун үйрөтүү зарылдыгын белгилеген.