Печать
Категория: Коом
Просмотров: 74

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин билдиргенине караганда, башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков дагы 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат.  

Буга президент Садыр Жапаров өлкө аймактарына жумушчу сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда көпчүлүгү соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктарды айтышаары себеп болгон.

Мындан улам мамлекет башчы башкы прокурор менен ички иштер министрин аймактарга чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Зулушев менен Ниязбеков Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.