Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантып жатканын Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Анда айтылгандай, инспекция "Тазалык" ишканасынын атайын бригадасы менен биргеликте Баялинов, М. Ганди көчөлөрүн жана Жибек-Жолу проспектисин жарнак мамыларынан, баннерлерден жана көрнөктөрдөн тазалады. Жеринде бардыгы болуп 54 агрегат демонтаждалган.
Тазалыкты сактабагандыгы үчүн Жумабек көчөсүндөгү №173 даректе жайгашкан "Роял Констракшн" ишканасына КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча айып салынды.
Ал эми "Куруучулар шаарчасынын" тургуну Асанкан у.А.га жерди пайдалануу эрежесин бузгандыгы үчүн 239-беренесине айып салынды.
Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабыл алышат:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.