Президент Садыр Жапаров жакынкы күндөрдө өлкөнүн аймактарын кыдырып, эл менен жолугушаары белгилүү болду.
"Президент Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт. Дал ошол себептен Мамлекет башчыбыз Башкы прокурор менен Ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду.
Эл менен жолугушуу графиги:
Алгач, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат. Кайсыл күнү кайсыл райондо боло турганын алдын ала жарыя кылып турабыз.
Жергиликтүү калктын аталган органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроо талабы болсо ошол жерден алардын жетекчилигине кайрыла алышат.
Ошондой эле, адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандардын жакындары да чогулушка келип, маселелерин жеринде жеткире алышат", - деп айтылат маалыматта.