Биринчи май райондук соту мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Марат Токтоучиков эки жарым жылга эркинен ажыратылганын жарыялады.
Анда айтылгандай, соттун өкүмү менен Марат Токтоучиков "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Учурда ал жалпы режимдеги түзөтүү мекемесинде кармалып турат.
Эске салсак, Марат Токтоучиков казак диаспорасынын мурдагы жетекчиси болгон. Ал 2021-жылдын апрель айында саясат таануучу Марат Казакпаев менен мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып кармалган.