Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Сабыркул Ашимбаев Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды. 

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.