Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарганын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 3-июлдан 4-июлга караган түнү, саат 02.00дөр чамасында болгон.
Элдияр Жайлообеков Түп райондук аскер комиссариаты тарабынан аскердик милдетин өтөөгө чакырылган. Түнкүсүн ал күзөттө кароолчу кызматты аркалаган. Куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында кокусунан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилигинен, аскер бөлүктөрүнүн командачылыгынан, Аскердик прокуратуранын кызматкерлеринен жана Аламүдүн РИИБдин адистеринен турган комиссия иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда.