Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу аракети жүрүп жатканын билдирди.
"Электр генерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад аркылуу өтөөрүн, жакында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу түшөөрүн эске алуу менен биз экинчи экономикалык борборду Жалал-Абад шаарына куруп баштоону сунуштап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.
Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илим изилдөө борборунун директору, КР эмгек сиңирген врачы, профессор Калдарбек Абдраманов Министрлер Кабинетинин башчысынын бул демилгесин колдоого алаарын билдирди:
- Абдан туура ой айтты. Илгери деле Жалал-Абад шаары, облусу өнөр жайга бай эле. Өлкөнүн ири өнөр жай шаарлары Көк -Жаңгак, Таш-Көмүр, Кара- Көл, Майлуу - Суу, Сумсар, Кочкор-Ата союздук масштабдагы өндүрүш борборлору Жалал-Абадда экенин баары билет. Аймак завод-фабрикаларга, орто техникалык окуу жайларга, кен байлыктарга, ГЭСтерге толо. Ал элге белгилүү да. Маселе ошол чоң потенциалга мурунку бийликтегилер көңүл бурбай, маани бербей, өстүргөндүн ордуна талкалоо, тоноого жол берип келишкен. Азыр тоолордон алтын - күмүш жана башка кен байлыктар жапайылык менен таланып, тонолуп келатат. Эл эле эмес, экология да жабыркап бүттү. Ошондуктан А.Жапаровдун өкмөтүнүн демилгеси - көптөгөн эл күткөн талап. Эгерде өкмөттүн идеясы ишке ашса, түндүк - түштүк (Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан) темир жолу Жалал-Абаддан өтсө, ал региондун эле эмес республиканын экономикасын көтөрөт. Жалал-Абад шаарын кошуп, облусу менен. Маселе - айтылган сөз ишке ашабы, ошондо. Азыр жеке мен чоң ишеним артып турам!
Эмне демекпиз? А болсун! Кудай колдосун, жараткан жалгасын дейбиз да!