«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык абамайданынан билдиришти.
SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.
Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда.
Учуу убактысы 40 мүнөт.