Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал -Абад шаарын республиканын экинчи экономикалык борборуна айлантуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын жарыялады.
"Электр генерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад аркылуу өтөөрүн, жакында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу түшөөрүн эске алуу менен биз экинчи экономикалык борборду Жалал-Абад шаарына куруп баштоону сунуштап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.
Жалал-Абад облусунун губернаторунун мурдагы орун басары, экс-депутат жана саясатчы Жылдыз Жолдошова аймактын экинчи экономикалык борборго айланууга мүмкүнчүлүгү чоң деп эсептейт.
- Жалал-Абад - экономикалык жактан Кыргыз Республикасынын экинчи борбору боло алат. Мен өз мезгилинде Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары болуп иштегенимде, облустун потенциалы өнөр жай тармагында күчтүү экенин билгем. Өлкө үчүн өтө орчундуу орунда турган облустардын бири.
Экинчиден, Акылбек Жапаров айткандай, Жалал-Абад - транспорт жагынан дагы, логистикалык жактан дагы абдан ыңгайлуу аймакта жайгашкан: азыркы түштүк-түндүк жолу, темир жол. Бир гана тышкы поезд жолдору эмес, ички поезд жолдору да өтөт. Дагы бир өзгөчөлүгү - Өзбекстан менен чектешет. Өнөр жай ишканалары абдан көптүгү дагы аймактын мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Эгер облусту калыбына келтире алсак, өнөр жай ишканаларын мындан да өрчүтсөк, бул уникалдуу чечимдин жемишин терип жесек болот.
Бирок бул жерде бир нерсени эске алуу керек. Жалал-Абад жана Ош облустары гуманитардык жактан өнүккөн аймактар. Республикадагы өтө көйгөлүү маселе - Баткен облусу. Баткенге көңүл бурбасак, мамлекеттүүлүктүн ядросу сакталып же сакталбай калышы - ошол аймактагы ар кандай кооптуу абалдарга байланыштуу болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, буга чейин жолдогон сунушумду дагы бир ирет кайталайм - Баткенге Улуттук гвардиянын филиалын сөзсүз түрдө ачыш керек. Ошондой эле, Коргоо министрлининин кайсы бир күчтүү аскер бөлүктөрүн жөнөтүү зарыл. Андан тышкары ИИМ Академиясынын филиалын ачуу кажет. Ошондо, аймакта аскер гарнизону, аскер шаарчалары пайда болуп, чек арабыздын бекемдигине өзүнчө бир чеп болуп калат. Мына ушуну унутпашыбыз керек.