Печать
Категория: Коом
Просмотров: 301

Бу дүйнө эмне үчүн татаал, эмне үчүн оор жана башаламан?

Мындай болмок эмес, эгерде алдуусу алсыз менен, бактылуу бактысыз менен иши болгондо. Мындай болмок эмес, эгерде адамда өзүн аео деген сезим болбогондо. Карабашты ала качып, өзүнүн жанынын тынчтыгын гана ойлобогондо.

Бүгүн адам сен көңүлүң ток, кийимиң бүтүн, көңүлүң жайдары. Бирок, ушул учуруңдан пайдаланып, тагдыр сабап аткан адамга барып кол сунуп, жакшы сөзүңдү айтып, аларды арачалай аласыңбы?

Жок, мындай адамдар күндөн-күнгө азайып, күндөн күнгө коом жер жарылгандай эле экиге бөлүнүп калды. 
Бактысыздар жана бактылуулар.

Бирок, бирок, таалайыбыз бар!

Бактысыздарга кол сунган да адамдар бар экен. Ооба, бар экен. Алар жарылган жердей коомду жүрөгү менен кайра-кайра жамаачылап, кайра-кайра жетишип, жетишпей, ары чуркап, бери чуркап, жан алакетке түшүп, күн-түн уктабай дүйнөнү "Тургула! Тургула! Силер да келгилечи, мен жетишпей жатам, карагылачы, жер жарылып баратат, бактысыздарды карагылачы! Аларды тагдыр сабап атат, алар тарап өрттөнүп атат! - деп кыйкырып жүрүшөт.
Ким укту?
Ким көрдү?
Ким туйду?

Түрк драматургу Тунджер Дюдженоглуга кошулуп кыргыз театрдын актрисалары ушундай чакырык салышпадыбы?

"Аялдардын баш калкалоочу жайы" аттуу трагедия Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында коюлду.
28-29-30-июнда ушундай чакырык болду.

Үч күн бою театрдын жүрөгү тынч, дүйнөсү түгөл, бактылуу, төрт тарабы шай толук кандуу жашоону жакшы көрүп жашап жүргөн мөлтүрөгөн кыздар менен мэримдүү, боорукер аялдар турмуштун ар кандай себептери менен (кечиримдүү дагы, кечиримсиз дагы)  үй-жайсыз, көчөдө калган аялдардын жашоосун жашап турушту.
Алар бул үч күндө эле жашаган жери жок да. Алар жарым жыл ушул жашоону бүтүн жүрөгүнө жүк кылып жүргөндөн коркушкан жок. Алар ушул эрдикке барышты.

Ушул дагы кайсы мекеменин, кайсы мамлекеттик түзүмдүн, кайсы чиновниктин колунан келмек?

Ойлонуп көрдүңөрбү?

Баары коркот. Баары башын ооруткусу келбейт. А бул айымдар бир эле мамлекеттин эмес, бүтүн дүйнө даап, көтөрө албай турган жүктү ойлонбой көтөрүштү.

Бул эрдик үчүн режиссер Эльвира Борисовнага жана Жаш көрүүчүлөр театрынын КРнын эмгек сиңирген артисттери Гүлмира Турсунбаевага, Гүлмира Ташматовага, Айнура Тургунбаевага (Сакиш), Шекер Жоомартовага, жана жаш актрисалар: Айнура Темировага, Жаңылай Исаковага, Майрамбек кызы Мыскалга, Элес Калмуратовага, Аидага дүйнө жүзүнүн атынан чоң таазим!

Кыял Тажиева