КР Эмгек сиңирген артисти Үмүт Тилегенова кыргыз коомундагы аялдарга жасалган зордук-зомбулук боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:
- Кыргызстанда аялзатка болгон зордук-зомбулук токтободу!
Акыркы күндөрү эле мындай окуянын канчасы болуп кетти...
Кара-Балтада башы кесилген аялдын денеси табылды, байкуш канча гана адамга кайрылган экен зомбулук көрсөтүп жаткан адам тууралуу...
Ошто, Сулайман - Тоодо өз жанын кыйууга аракет кылган аялзат, күйөөсү төрт баласына жолотпой жаткан...
Бишкекте мындай көрүнүштөр кайра-кайра кайталанып турат! Канча деген аялзат жолдо эркектертерден зордук- зомбулукка кабыл болуп, виделору жарыяланат соцтармактарга... Абдан өкүнүчтүү окуя болгон экен. Эң өкүнүчтүүсү биздин менталитетте - кандай болсо дагы, эң биринчи АЯЛЗАТТЫ КҮНӨӨЛӨЙТ!
"Мужчина был бородатый, как при намазе", - деп ишенип олтурган экен унаасына! Ал адам зөөкүр болуп чыкты! Соцтармакта видеолор тарап калат, чаламолдо динбузарлар, эркектерди аялзатка тукуруп жатканы... Ошолордун кесепети болуп жүрбөсүн?..
Азыр Кыргызстан светтик өлкө болуп турганда, аялзатка ушунчалык кордук көрсөтүлүүдө, кыргыз аялзаты 50 пайыз хиджаб, паранжа кийсе Афганистан, Сириядагыдай, мындай аялзатка болгон зордук-зомбулук кадимки жашоодогу көрүнүшкө айланат...
Бул аялзаттын коргоочу агасы бар экен! Агасы коргобосо, бул жаш келиндин өмүрү кыйылып, сөөгү табылбай калат беле? Издөөдө жүргөн аялзаттар азбы Кыргызстанда? Бул зөөкүр далай аялзатка кордук көргөзүп, жанын алгандай экен...
Агасы акталат деп ишенели!
Эске салсак, 1-июлда Токмокто киши өлтүрүү катталган. 1989-жылы туулган Асель аттуу жаран Токмоктон Кеминге жумушуна келүү үчүн жолдон автоунаа токтоткон. Унаанын айдоочусу 47 жаштагы жаран жолдо кызга тийишип башташат. Кыз башка автоунаага өтө качууга үлгүргөн. Бирок зомбулук көрсөткөн жаран кыз отурган автоунаанын артынан калбай айдап, токтотуп, уруп-сабоого өткөн. Ошол убакта кыздын телефон чалуусу менин келип калган бир тууган агасы травматикалык тапанча менен зордукчуну аткан. Жаран алган жараатынан окуя болгон жерде көз жумган.