Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын экономикалык борбор кылуу  демилгесин көтөргөн эле. Жалал-Абад шаарынын экономикалык борбор болуу потенциалына бир нече жүйөөлүү мисалдарды фактылар менен айткан.

Кыргызстандагы экономикалык экинчи борборду Жалал-Абадга которуу маселеси боюнча  Юридика илимдеринин доктору, академик Чолпонкул Арабаевдин пикирин сурадык.

- Албетте, бүгүнкү күндө региондорго кол сунуу абдан туура. Буга чейин дагы Президент Садыр Нургожоевич “Кыргызстан Баткенден башталат” деп айткан эле.  Отуз  жылдык соңку тарыхыбызда болгон каражаттын бардыгы финансылык дагы, маданий, саясий дагы болгон мүмкүнчүлүктөр  биринчи кезекте Бишкек шаарында,  анан Ош шаарында топтолгон. Региондорду дагы көтөрө турган, кол суна турган убакыт келди. Жалал-Абад шаарын сөзсүз түрдө көтөрүш керек. Тогуз жолдун тоому болгон жакшы жерде жайгашкан. 

Биринчи кезекте,  Ош облусуна өтөт,  андан ары Баткен облусуна өтөт. Кайра ошол үч областы бириктире турган жолдун боюнда Жалал-Абад  турат. Ошон үчүн Жалал-Абад шаарын көтөрө турган убакыт келди. Акырындык менен биринчи кезекте Баткенди көтөрүш керек. Андан кийин Жалал-Абад, Талас анан башка областарга көңүл буруш керек. Экономикалык шарты боюнча бүгүнкү күндө бардык областтарда мүмкүнчүлүк бар. Экономикалык, саясат абдан туура багытта баратканын, Кыргызстанда жаңыча саясат башталганы жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен уланып жатат. Бул абдан туура саясат. Министирлер кабинетинин алган багыты колдоого арзыйт, - деп Чолпонкул Арабаев.