Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу аракети жүрүп жатканын билдирди.
"Электр генерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад аркылуу өтөөрүн, жакында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу түшөөрүн эске алуу менен биз экинчи экономикалык борборду Жалал-Абад шаарына куруп баштоону сунуштап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.
Жалал-Абад шаарынын экс-губернатору Бектур Асанов Жалал-Абад шаары экономикалык борбор боло алат деп эсептейт.
"Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин арасында борбор шаары эмес, башка да өнүккөн чоң шаарлары экономикалык борбор болуп эсептелет. Мындай мисалдар Кытайда, Индияда, Бразилия жана башка олкөлөрдө да бар. Аларда мамлекеттин борбору эмес, бирок башка шаарлары экономикалык жактан өнүккөн борборлор. Мисалы, Кытайдын Шанхайын алсак болот. Жалал-Абад шаарынын калкы да акыркы мезгилде абдан өсүп жатат, бул шаардын экономикалык борбор болууга потенциалы чоң. Ошол эле өндүрулгөн электр энергиясынын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунун аймагында өндүрүлөт. Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу да Жалал-Абад аркылуу өтөт. Жалал-Абад шаары экономикалык жактан борбор боло алат", - дейт Бектур Асанов.