Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу аракети жүрүп жатканын билдирди.
"Электр генерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад аркылуу өтөөрүн, жакында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу түшөөрүн эске алуу менен биз экинчи экономикалык борборду Жалал-Абад шаарына куруп баштоону сунуштап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.
Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов Министрлер Кабинетинин төрагасынын бул сунушун реалдуу деп эсептейт. Ал белгилегендей, Жалал-Абад шаары ири индустриялык шаарлардын бири.
"Калкы көп, жумушчу күч жетиштүү. Керектүү окуу жайлары да бар. Экинчиден, инфраструктурасы өнүккөн - эң ири эки жол трассасы аймакты кесип өтөт. Темир жол тарабынан да бүт дүйнөгө жол ачык", - дейт коомдук ишмер.
Ошондой эле, ал облустун кен байлыгы да кеңири экенин белгиледи.
"Айрыкча, Чаткал, Ала-Бука алтынга бай, Таш-Көмүр жана Көк-Жаңгак Кыргызстандын Донбассы катары эсептелет. Ал эми гидро-энергетикалык ресурстар боюнча Жалал-Абад облусу Кыргызстан эле эмес, Орто Азия боюнча биринчи орунда турат. Андан сырткары, байыркы тарыхый, маданий, сакралдык объектилерин жана Арстанбап, Кара-Алма, Сары-Челек сыяктуу табият парктарын эске алсак, Жалал-Абад облусунун туристтик потенциалы экономикалык потенциалынан кем калбайт. Болгону, тийиштүү көлөмдө каражат жумшап, инвестицияларды тартып, менеджментти жакшыртса, бат эле өлкөбүздүн ири экономикалык борборуна айланаарына шек жок.
Андан тышкары, аймакта өлкөдөгү эң ири жайыттар орун алган. Ноокен районунда эзелтеден бери өтө көп көлөмдө пахта өндүрүлөт. Дыйканчылык да жакшы өнүккөн. Өзбекстан менен чектешкен аймак болгондуктан, соода-сатык жогорку деңгээлде. Бул аймактын жайытка тоо өрөөнү, дыйканчылыкка жайыты кеңири. Эң бир сонун мөмө-жемиштер бышат. Мунун баары аймактын экинчи экономикалык борбор болууга мүмкүнчүлүгү жогору экенин далилдейт", - деп билдирди Шаирбек Маматокторов.