Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

20-26-июнда, бир аптада өлкөдө COVID-19ду жуктуруу учурларынын саны өткөн жумага караганда 22ге көп катталган. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабы билдирди. 

Ошол эле учурда коронавирус инфекциясын жугузуунун жаңы учурларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында аныкталган.

Ошентип, 6-13-июнда COVID-19дун 12 жаңы учуру катталган. Анын ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында.

13-19-июнда – 7 учур Бишкекте.

20-26-июнда – 29 жаңы учур.

Анын ичинде:
Бишкек ш. – 21
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл – 2
Ош облусу – 1
Ош ш. – 1.

Илдетке чалдыккандардын арасынан 1 адам ооруканага жаткырылган, абалы - орто оор.

Бүтүндөй пандемия учурунда Кыргызстанда COVID-19дун 201 053 учуру катталган.

Анын 95 405и - Бишкекте, 31 256сы - Чүй облусунда.