Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Кыргызстандык спортчулар Россияда өткөн мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча дүйнө биринчилигинде 13 медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Масрестлинг боюнча федерациясынын президенти Искендер Алымбеков билдирди.

Мелдеш 22-23-24-июнь күндөрү Якутияда өткөн. Ага 41 мамлекеттин спортчулары катышкан.

Кыргызстандыктар 3 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль менен кайтышты.

Ал эми командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 2-орунду ээледи. 1-орунду Россиянын курама командасы алды.

Медаль тагынган кыргыз спортчулары:

Алтын медаль:

55 кг — Иманканова Дилбара,

60 кг — Асанов Азамат,

65 кг — Нуржанова Кымбат.

Күмүш медаль:

65 кг — Токтошев Бекмырза,

90 кг — Чыныбек уулу Руслан,

105 кг — Атайбек уулу Келдибек.

Коло медаль:

70 кг — Айтбаев Элдос,

75 кг — Өмүралиев Бекжан жана Болотбекова Элдана,

80 кг — Абылов Бакдөөлөт,

85 кг — Майлибашева Назия,

90 кг — Акылбек уулу Эржан,

125 кг — Ырысбаев Улукбек.