Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө, бул тууралуу centralasia.media жазат.

Өткөн суткада, 29-июнда, Казакстанда 137 жаңы учур катталды.

Бир күн мурда илдетти жуктургандардын 110 учуру аныкталган.

Жалпысынан бүгүнкү күнү өлкөдө 1 306 608 учур катталган.

29-июнда бир сутка ичинде ооруга кабылгандардын эң көп учуру Алматыда - 77 адам жана Нур-Султанда - 26 адам катталган.

ЭМДӨӨ – өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дан коргоонун эң ишенимдүү жана эң натыйжалуу жолу.