Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан даярдалган "Улуу көчмөндөр мурасы" боюнча бет ачаар расмий тилде болгону депутат Нурлан Шакиевди нааразы кылды. Ал кыргыз тили так ушундай мамилелерден улам өнүкпөй келатканын белгиледи.
"Акылбек Үсөнбекович, сиз Нарында чоңойгон нукура кыргыз жигитисиз. Анан сиздин убакта Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү расмий тилде слайд жасап жатса, башкалардан жакшылык деле күтпөйм.
Биз кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз, кыргыз тили биз үчүн маанилүү. А силер келип алып жарымы орусча, жарымы кыргызча сүйлөп жатасыңар, эч ким түшүнбөйт. Тилди кордобогулачы! Сладдын аталышы "Улуу көчмөндөр мурасы" деп кыргызча айтылып жатат, а ичи орусча. Улутка күйбөйсүңөрбү?! Коңшу өлкөлөргө баргылача, мындай иш чаралардын баары өз тилдеринде болот. Тилди сыйлагыла! Өкмөт мүчөлөрү келет дагы "кечирип койгула, менин баяндамам расмий тилде", - деп коюшуп, уруксат бересиңби, бербейсиңби, орусча сүйлөй беришет. Тилди өнүктүрүү үчүн баарыбыз мекенчил бололу, сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө далилдеп, кыргызча сүйлөйлү!", - деди Шакиев.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттын айтканына кошулаарын белгиледи.
"Абдан туура. Кыргыз тилин барктайбыз. Азыр балдарыбыз, неберелерибизге кыргыз тилин жеткирүү жаатында иштер жасалып жатат. Балдарыбыз, неберелерибиз кыргызча сүйлөбөй калышты. Ошондуктан, баары телефонго өтүп кеткендиктен, кыргызча сүйлөтүүнү телефондон баштайлы деп жатабыз. Мультфильмдерди кыргызчалайлы деп жатабыз. Бишкекте жеке менчик мектептердин экөө эле кыргыз тилинде экен, калганы орус, англис, түрк тилдеринде. Биз сизге мындан ары бир гана кыргыз тилинде сүйлөөгө сөз беребиз. Министрлерибиздин арасында бир гана транспорт министри кыргызча жакшы сүйлөй албайт, калгандарынын баары так сүйлөшөт", - деди Жапаров.