Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров физикалык тараптардын активдерин өз каалоосу менен легалдаштыруу жана амнистиялоо боюнча мыйзам долбоору тууралуу айтып жатып, баары депутаттардын эркинде экенин белгиледи.
"Эгер бул мыйзам долбоорунун ниети начар деп ойлосоңор, анда кабыл албай койсоңор деле болот. Биз эч кимди мажбурлабайбыз. Кечээ мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Анын максаты - кимдин акчасы экенине карабай ар бир тыйын өлкөгө кайтып келсин деген гана тилек. Эшмат же Ташматтын акчасы Кипрдеги же башка офшордук банктарда жатпай, Кыргызстанга кайтарылып келип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштесин деп жатабыз", - деди өлкө башчы.
Президенттин айтымында, каражатын таза жол менен тапкан ишкерлер деле Кыргызстанда тартып алышат деп коркуп, акчаларын чет өлкөлүк банктарга сакташат.
"Биз мунун баарын билебиз, бирок чет өлкөлүк банктар бизге маалымат беришпейт же ишкерлер өздөрү канча акчасы бардыгын айтышпайт. Мыйзамдын максаты - 30 жыл топтолгон акчалар Кыргызстан үчүн иштесе деген гана ниет", - деди Садыр Жапаров.