Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров өлкөдө канча олигарх бардыгын айтты. 

"Бизде 200дөн ашуун олигарх бар, Кыргызстанда деле башка өлкөлөрдөгүдөй эле өзүнүн миллионерлери менен миллиардерлери бар. Бирок алар акчаларын чет өлкөлүк банктарда кармашат. Чет өлкөгө барып, завод, фабрикаларды миллиондогон каражатка курушат", - деди Жапаров. 

 Айтымында, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин мүмкүнчүлүккө жараша 10 миллион долларды мамлекеттин кирешесине алышкан. Бирок дагы да көп сумма чет өлкөлөрдө "жашынып" жатат. 

"Эгер ал акчалар биздин банктарда жатса, легалдашса, биздин банктар пайда табышат. Заводдор биздин өлкөдө ачылса, жумуш орундары түзүлүп, салык түшмөк. Бул мыйзамдын бардык максаты ушунда", - деди президент. 

Он добавил, что после октябрьских событий 2020 года удалось "по мере возможности" взыскать около $10 млн в доход государства. Однако, отметил Жапаров, еще много денег "прячут" за рубежом.

 Эске салсак, Жогорку Кеңеште физикалык тараптардын активдерин легалдаштыруу жана амнистия боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.