1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөөрүн президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, Кумтөр кенинин айланасындагы көйгөйлөр жана бюджеттин киреше бөлүгүнө байланышкан башка маселелердин чечилиши менен мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүгө каражат булактары табылды.
«1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деди ал.