Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун Октябрь окуясына байланышкан кылмыш иши Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кечээ, 28-июнда каралды. 

Сот Атамбаев менен Ниязовду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. 

Бирок Атамбаев дагы бир кылмыш иши - Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттолгондуктан, абакта калды. Ал эми Фарид Ниязов сот залынан бошотулду. 

Октябрь окуясы боюнча бардык фигуранттар ишинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышты.