Бул суроого коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабынан жооп беришти. Анда айтылган маалыматка караганда, кургак учук менен ооруган адам вакцина алуусу шарт.
Анткени, өпкөсү ооругандардын иммундук системасы алсыз болгондуктан ковидди жуктуруу коркунучу жогору.
Ошондой эле коронавирус туберкулёздун пайда болушун шарттайт. Ал тургай илдетти активдүү формага өткөрүп жиберет.
ЭМДӨӨ – өзүңүздү жана жакындарыңызды COVID-19дан коргоонун эң ишенимдүү жана эң натыйжалуу жолу.