“Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев казинолорду мыйзамдаштыруу демилгесине пикирин билдирди. 

- Төлөгөн агай, казино боюнча мыйзам Жогорку Кеңештен колдоо тапканы көпчүлүк "мындай маселелер элдик талкуу менен чечилиши керек эле" деген ойду айтып жатышат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Казинонун  ачылышы  боюнча мыйзам Министрлер Кабинетинин демилгеси менен көтөрүлүп,  өтө тездик менен кабыл алынды. Ошон үчүн элдик талкуу болсо, мыйзамга толуктоолор, өзгөртүүлөр кирмек. Жогорку Кеңештин депутаттары  заматта кабыл ала салбай аталган мыйзам долбоорун коомчулукка алып чыгып, аймактарда  элдик угуу, коомдук талкуу  өткөрүш керек болчу.

Ошол эле учурда негизи мыйзамдар депутаттар тарабынан кабыл алынат жана жокко чыгарылат. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке  алып келип, мыйзамды кабыл алып бергиле деп сунуштап жаткандан кийин алар регламенттин талабына ылайык кароого милдеттүү.

- Казинону ачуу бюджеттеги таңкыстыкты жоюу үчүн жаралган маселе экени ачык айтылды. Бул экономиканын өсүшүнө өбөлгө боло алабы?

- Казино салыгы казынага миллиондогон каражат алып келет деп мыйзам долбоорунун авторлору айтып жатат. Согуш болгонго чейин Украинага 9 айда 220 миң араб казино ойногону келишкен экен. Бизге да  миңдеген чет элдиктер казино ойногону агылып келиши мүмкүн.

Казино ачылса конок үйлөрү, ресторандар, эс алуучу, акча алмаштыруучу жайлар, авиакассалар өтө ийгиликтүү иштеп баштайт. Булардын баарын бириктирген атайын  заманбап комплекс курулушу керек болот. 

Аны менен катар Салык кодексине, Кылмыш жаза  кодексине атайын  "кыргызстандыктарга казино ойноого тыюу салынат" деген беренелерди киргизип, мыйзам кабыл алуунун зарылчылдыгы жаралат. 

Эгерде кыргызстандыктар казино ойногонго кире турган болсо, казино ачкан компанияга ири суммадагы  айып салуу, Кыргызстандын жаранына  Кылмыш жаза кодексине ылайык  катуу жаза колдонуу талаптары  болбосо, башаламандык орун алып коррупция өсүп, кылмыштуу топтор күчөп кетет.