Депутат Балбак Түлөбаев өзүн сотко беребиз деген мектеп директорлоруна кайрылды.
Эске салсак, Түлөбаев мектеп директорлору пара иретинде 20 миллион сом алышканын айтып чыккан. Мындан улам 50 мектептин директору депутаттын үстүнөн арызданышып, жалган маалымат таратканы үчүн жоопко тартылышын жана моралдык компенсация катары миллиард сом төлөшүн талап кылышкан.
"Калайык!
Мага Бишкектеги мектеп директорлору салам дубай айтышыптыр.
Урматтуу мүдүрлөр күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларыңыр кайдан алдыңар. Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес, мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо, самсыкана салып алдыңар. Канча ата- эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей, ушуга өкүнөм. (Депутат Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген убактысын айтып жатат - ред.) Баарыңардын үй -мүлкүңөрдү текшертиш керек. Бардык ата энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын.
Мени миллиард сомго сотко берет имиш. Күтүп атам. Деңгээлин карасаңар. Булар керек болсо мыйзам окубайт. Билими деле жок ушулардын. Жалаң миллиарддан сүйлөйт. Көнгөн да "элита" сымалдар", - деп жазды Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына.