Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн жумушчу комиссия жеке менчик медициналык жайларды текшере баштады.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге маалымдады.
"Сарыктын оор түрлөрү, керек болсо ВИЧ жуктурган учурлар бар. Көбүнчө стоматология, косметология сыяктуу клиникалардан жуктурушат. Алар бизнес сыяктуу кабыл алынып, эч ким текшербейт экен. Бул маселени тыкыр текшерип чыгышыбыз керек", - деди Байсалов.
18-июнда Улуттук госпиталда 41 жаштагы аял көз жумган. Жакындарынын айтымында, маркум менчик клиникадан липосакция операциясын жасаткандан кийин өзүнө келе албай, эс-учун жоготкон абалда госпиталга жеткирилгенден соң каза болгон.
Май айында Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирген. Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганы кабарланган.
Айрыкча Бишкек шаарынын эл көп жүргөн Ош базарынын айланасында жеке менчик медициналык клиникалар көп. Алар негизинен тиш дарылоо жана аялдардын төрөтүнө көмөк көрсөтүү кызматын көрсөтүшөт. Баарынан да ушул мамлекеттик медициналык мекемелерге катарлаш эле менчик клиникалардын да козукарындай жайнап кетиши таң каларлык. Акыркысынын баасы да кымбат. Макул, элге кымбат болсо да кызмат кылсын, тилекке каршы антисанитардык абалда болуп, бир эле шприцти бир нече адамга сайып же башка шаймандарын стерилдебей, шашып иштеп атышкандыктан, сарык сыяктуу ооруулар көп жугуп жатат.
Ал эми кезек күтүү, сапатсыз тейлөө сыяктуу көйгөйлөрү жок экендиги талашсыз. Бирок ошол менчик клиникалардын артында кимдер турат? Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, медик чиновниктер турушат экен. Мисалы, мамлекет тарабынан кайсы бир ооруканага беш тиш дарылоо столу берилсе, анын бирин башкы дарыгер жолун таап менчиктештире коюп, жеке менчик клиникага ачып, оңой эмес “шабашка” иштеп таап жатат. Андыктан Э. Байсалов бул жагдайга да көңүл буруп коюшу керек...