Печать
Категория: Коом
Просмотров: 197

Азыркы тапта Кыргызстанга казино ачуу маселеси коомчулукта ар кандай талкууга алынып жаткан кези. Президент Садыр Жапаров казино ачуу менен биргеликте көмүскө  иштеп жаткан  кумарканалар ачыкка чыгып, мамлекетке салык төлөп,  казынага түшкөн каражатка социалдык мекемелердин айлык маянасын көтөрүү керектигин айтты. Ошол эле учурда казиного кыргыз жарандары киришине катуу тыюу салынып, көзөмөл күчөйт. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин пикирин  сурадык

-2012-жылы “Ар-Намыс” партиясынын депутаты Бакыт Жетигенов тарабынан казинону жабуу демилгеленип, ошол учурда Кыргызстандагы кумарканалар жабылган эле. Бирок тилекке каршы  кумарканалар жабылганы менен мыйзам сакталбай, жашыруун казинолор, кумарканалар ишмердүулүгүн токтотпой, иштей берди. Алар ачыкка чыкпай жашырынып, ошол эле Ош, Бишкек, Ысык-Көлдө ишмердүулүгүн уланта беришти. Ушул убакка чейин казинону түп тамырынан бери жок кылуунун жолу табылбай калды.  Мыйзамда казинону жабылышы тууралуу жазылганы менен ал  толук аткарылган жок.

Президент Садыр Жапаровдун  маегин окудум. Анын бул демилгесин толугу менен колдойм.  Учурда социалдык желелерде казино боюнча  “казынаны ушуну менен толтурат бекен” деген сындар айтылып жатат. Бирок, бул да казынаны толтуруунун дагы бир жолу. Бул жерде ИИМ да, УКМК да катуу көзөмөлгө ала турганын айтып жатышат. Эң негизгиси мыйзам сакталып, кыргыз жарандарына залакасы тийбеши керек.

Казино иштесин, бирок, баардыгы мыйзам чегинде болушу керек.

Булак: Абал. kg