Сыягы, алыскы Казарман шаарчасынан Бишкекке доктурга көрүнүп эле кетем деп келген Бегимай Турусбекова бир түндө жылдызга айланам деп үч уктасы да түшүнө кирбесе керек. Анткен менен табият тартуулаган таланты, тубаса үнү жана жөнөкөй адамкерчилик сапаты менен айылдык бул кыз бир эле ыры менен бир түндө миллиондогон күйөрмандарына ээ болуп, жүрөктөрдү ээлеп алды.

Көрсө, Бегимай тили чыкканда эле ырдап, М. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүрүп, андан кийин Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, аны бүтпөй калган экен. Эске салсак, Бегимай Турусбекова Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. 

Анын “Ынтымак-2” паркында караокеден ырдаганын тартып алган эже бул видеосун интернетке жарыялагандан кийин бир эле өлкөбүздөгү эмес, дүйнө жүзүнүн ар кайсы бурчундагы кыргыздар, ал тургай казак боордоштор угуп, көрүшүп, сүрөөнгө алышып, алкоо сөздөрүн айтышууда. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады.

Акыры маданият министри Азамат Жаманкулов да кабыл алып, гүл берип, чыгармачылыгын ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшүүгө убада берди. Жаманкулов анын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

“Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia's Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардамдарды берээрин ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледи”, - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Дагы бир белгилей турган жагдай, Бегимай буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келген. Эми баарыбыз Бегимайдын эл аралык конкурстарда ырдап, кыргыз элин дүйнөлүк деңгээлде таанытышан үмүт кылабыз.