Печать
Категория: Коом
Просмотров: 176

Ушул жумада Кыргызстандын  чек ара кызматынын аскерлери Өзбекстан менен чектеш аймакта коңшу өлкөнүн жаранын 1 млн. доллар акча менен кармашты.

Кошуна өлкөнүн жараны Кыргызстанга мыйзамсыз жол аркылуу бул сүрөттөгү бир нече таңгактагы  бир миллион долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган .

Маалыматка караганда, кармалган жигит — Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Пахтаабад районунун тургуну. Аны кыргыз чек арачылары дыкат текеришкенде, колунан эки  желим кутуча  табылды. Анын ичин аңтарганда, бир миллион АКШ доллары чыккан.

Чек ара эрежесин одоно түрдө бузган Өзбекстан жаранынын үстүнөн кылмыш иши козголду. Дароо тергөө жараяны дагы башталды. Мурда маалымдалгандай, буга дейре Өзбесктандын күч органдары жалаң мыйзамсыз акча ташыган кылмыштуу топту кармашкан. Алар дагы чек арага жакын жерден кадимкидей өтмөк казып алышкандыгы аныкталган. Азырынча биздин чекисттер ал акчанын ээси ким экендиги, кайда жеткирүүнү көздөгөндүгү тууралуу маалымат берише элек.

Бирок  миллион доллар айтканга оңой болгон менен оңбогондой эле ири суммадагы акча, болгондо да АКШ валютасы менен. Эми ушунча чоң акчаны карапайым эле адам өзү иштеп таппаса керек. Демек, ал өз өлкөсүндөгү соодагерлердин акчасын Кыргызстан аркылуу Кытай, Түркия же башка мамлекетке алып өтүүнү көздөсө керек. Себеби мындай учурлар мурда деле болуп келген жана эл аралык деңгээлде бир топ ызы-чууну жараткан. Айтор, бул калыптанып калган схема. Ал эми тиги жигит курьер гана болушу мүмкүн. Анткени соодагерлер үчүн акчаны товар сатып алуу үчүн банк аркылуу которгондо, биринчиден, бир топ суммада комиссия төлөп калат жана экинчиден, каржы полициясы өңдүү органдардын көзөмөлүнө алынып, салык да да төлөп калат.