Печать
Категория: Коом
Просмотров: 646

Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров соцтармактагы баракчасына казинону мыйзамдаштыруу боюнча пикирин жазды: 

- Казино боюнча ызылдаган туугандар, чын дилден ызылдап жаткан болсоңор, шаардагы “Ringo Trade” деген жерлерди жаптырганга ызылдагылачы. Анткени, ачыла турган казинолорго кыргыз жарандары кирбейт, ал эми "Ринго трейдде" кыргыз жарандары 10 жылдан бери эле ойноп келе жатышат. Ал деле онлайн казино. Рулеткага экрандан акча коюшат. Тиги митингге чыгып каарман болуп берген бала деле ошол "Ринго трейддин" курмандыгы тура. Чын эле патриот, чын эле арам деп аткан болсоңор, ошол нерсени жаптыргыла!

Болбосо, жөн гана популизм болуп жаткандай туюлуп жатат… Себеби, ушунча жыл унчукпай келип туруп, ушул мыйзам козголгондо патриот боло калган жарашпай калат экен. Эмнеге буга чейин ошол кумар оюнун жаптырбадыңар? Ал деле казино! Бул нерсе Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдун убагында деле иштеген…

Казинонун ачылышын колдобойм. Балким, бул өлкөгө валюта киргизүү үчүн каралган бир жолдур, балким, Эл аралык уюмдардын же инвесторлордун талабыдыр… (Эл аралык уюмдардын талабы кандай болоорун билгиңер келсе, “Дефолт” деген Кореянын киносун көрүп койсоңор, түшүнөсүңөр). Эгер казинодон киреше түшсө, анда карыздан кутулууга буралы. Эч бир кыргыз жебесин. Бизге ККМ деле жакпаса, казино деле жакпаса, башкасы деле жакпаса качан жылыш болот?

Толук маалыматты билбей туруп бирөөнү айыптап салуудан алыс бололу… Балким, ачык айта албай турган учурлар бар… Ошол учурларды депутаттар уккан соң колдоп бергендир. Болбосо, өмүрү колдобойм деген депутаттар добуш бергенине жооп таба албай калмакпыз…