Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

2020-жылы медицина кызматкерлерине компенсация иретинде 1 миллиард 353 миллион сом, 2021-жылы 1 миллиард 351 миллион сом  төлөнгөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

“2022-жылдын 21-ноябрынан бери компенсация төлөнбөй калган медициналык кызматкерлерден 106 арыз түшкөн. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин апелляциялык комиссиясына кайрылып, жыйынтыгында аталган комиссия 93 материалды карап, анын 20сы канааттандырылган, 58и четке кагылган, 15и кайра кароого жиберилип,13ү кароодо”, - дедиУлан Садыков.

Депутат Айбек Маткеримов медицина кызматкерлерине компенсация берүү жаатындагы абал Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери сүрөттөгөндөй эмес экенин, дарыгерлерден, орто жана кенже медициналык кызматкерлерден арыз-даттануулар ушул күнгө чейин түшүп жаткандыгын белгиледи. Комитет мүчөлөрү Министрлер кабинетин жана Саламаттыкты сактоо министрлигин арыздардын объективдүү каралышын камсыз кылууга жана жумуш учурунда COVID-19ду жуктуруп алган бардык медицина кызматкерлерине компенсация төлөп берүү боюнча чараларды көрүүгө чакырды.