Печать
Категория: Коом
Просмотров: 60

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында  “Бишкек шаарында 2022-жылдын 13 апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү  Банкынын ортосундагы COVID-19  кесепеттерине шашылыш чара көрүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун айтымында, макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун алкагында республиканын 40 районундагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын тез жардам бөлүмдөрү өлкөнүн калкына квалификациялуу баштапкы медициналык-санитардык жардамды өз убагында көрсөтүү үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган тез жардам унаалары менен камсыздалат.

“40 район, 5 облустук маанидеги шаар, ошондой эле республикалык маанидеги 2 шаардын саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү санитардык транспорт менен камсыз кылынат. Алар эпидемияга каршы иш-чараларды эпидемиологиялык очоктор болгон жерлерде жүргүзүү жана калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү иштерин алып барат. Санитардык жана тез жардам унаалары Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жана жалпы дарыгерлик практика бөлүмдөрүн берилет”, - деди Жаркынбек Касымбеков.