Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Нарын областынын Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ак-Кыя айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган прокуратура маалымат таратты. 

Анда айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 1997-жылдагы чечими менен О.С. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 22,5 га айыл чарба жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 20 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Көзөмөл органы тарабынан прокурордук акты келтирилип, жогоруда аталган 10 млн 12 миң 500 сомго бааланган 22,5 га айыл чарба жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.